Кыргызстанда 2026-жылга битир-садаканын өлчөмү бекитилди

19-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкө боюнча 2026-жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, битир-садака ар бир жан башына буудай, ун жана мейизден 1 килограмм 600 граммдан, ал эми арпа жана курмадан 3 килограмм 200 граммдан берилет. Ошондой эле аны азыктардын акчалай наркына жараша ыктыярдуу түрдө акча менен берүүгө болот.

Муфтияттан белгилешкендей, азык-түлүктүн баасы туруксуз болуп жаткандыктан, битир-садака берүүдө 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма) өлчөмүнө көңүл буруу зарыл.

19-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X