Кыргызстанда коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөнүн биринчи этабы 29-мартта башталат. Бул маалыматты 25-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Учурда вакциналар Ош шаары жана Чүй облусундагы эмдөө пункттарына жеткирилүүдө. Иммундаштыруу боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобу тарабынан вакцина үчүн документтерди бекитүү процесси дагы бар.
Республиканын бардык аймактарында медициналык кызматкерлерге эмдөөнү уюштуруу боюнча тренингдер өтүүдө. Эмдөө иштерин баштоо фазасы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда башталат.
19-мартта Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга алынып келген. Бул доза 75 миң адамга жетет. Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.
- Бишкекте 5 эмдөө пункту болот: төрт бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда;
- Чүй облусунда 2 пункт болот: Сокулук жана Ысык-Ата райондорунун үй-бүлөлүк медицина борборунда;
- Ош шаарында 2 пункт жайгаштырылат: №8 жана №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда.
Биринчи этапта: - кызыл зонада иштеген, үй-бүлөлүк медициналык топто жана үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеген, оору жугуу коркунучу жогору медициналык мекемелердеги медициналык кызматкерлер;
- тез жардам медициналык кызматкерлери, өлүм же оорунун оор түрлөрүнө чалдыгуу коркунучу жогору реанимация бөлүмдөрү;
- узак мөөнөттүү медициналык кызмат көрсөткөн мекемелердеги медициналык адистер жана кызматкерлер;
- билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин эмдөө пландалууда.