Кыргызстанда 350 орундуу жаңы көп тармактуу оорукана курулат

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 103
Кечээ Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун (КАЭӨФ) өлкөгө келген делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда «Саламаттык сактоонун туруктуу секторун модернизациялоо» долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Долбоор Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) жетекчилиги алдында, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда ишке ашырылат. Анын алкагында Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын аймагында 350 орундуу жаңы көп тармактуу оорукана курулуп, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалышы пландалууда.Возможно, это изображение один или несколько человек и текст

Долбоорду ишке ашырууга Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фонду тарабынан 10 миллион кувейт динары өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлөт.

КАЭӨФ миссиясынын иши 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү менен жолугушуулардан башталган. Мындан тышкары, Финансы министрлигинин жана Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар өткөрүлүп, анда долбоордун финансылык-экономикалык шарттары жана ведомстволор аралык координация маселелери каралды.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

20-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X