Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт
2026-жылдын 30-мартына карата республика боюнча 3800 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашап жатканы аныкталган. Алардын 2415и мамлекет жер тилкеси жана жардам көрсөткөнүнө карабастан, коопсуз жайга көчө элек.
Эң көп көрсөткүч Ош облусунда катталган. Бул жерде 2396 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашаса, алардын 1475и азыркыга чейин коопсуз жерге көчө элек.
ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүлөр негизинен жазында кардын эриши жана нөшөрлөгөн жаандан улам активдешет. Бирок күзүндө да узакка созулган жаан-чачын жер көчкү коркунучун күчөтөт.
Министрлик жарандарды жер көчкү кооптуу аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так аткарууга жана коопсуз жайларга өз убагында көчүүгө чакырды.