Кыргызстанда 43 градуска чейин ысык болот

13-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 193

Кыргызстандын аймагында 2026-жылдын 14-18-июль күндөрү аба ырайынын кескин ысышы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы 38…40 градуска чейин жетет.

Айрыкча 16-18-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында абанын температурасы 41…43 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

Адистер мындай кургак жана ысык аба ырайында ден соолукка көңүл бурууну эскертет. Ысык өткөрүп алуунун жана организмдин суусуздануусунун алдын алуу үчүн күндүн ысыгында ачык жерде узак убакыт жүрбөө, суюктукту жетиштүү ичүү сунушталат.

Ошондой эле дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн үзгүлтүксүз жана кеңири сугаруу сунушталууда.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X