Кыргызстанда 65 жаштан улуулардын үлүшү 6,4%га жетти

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120

Кыргызстан калкынын картаюу босогосуна жакындап калды. Өлкөдө 65 жаштан улуу адамдардын үлүшү азыр 6,4% түзөт. Бул көрсөткүч 7%га жакындап, калктын картаюусунун башталышы катары каралган чекке жетип баратат.

Бул тууралуу 7-октябрда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн тегерек столдо айтылды.

Адистердин белгилешинче, калктын жаш курамынын өзгөрүшү улгайган адамдарга медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү системасын жаңылоону талап кылат. Мында негизги көңүл ооруларды гана дарылоого эмес, улгайган адамдардын өз алдынчалыгын, физикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана жашоо сапатын сактоого бурулушу керек.

Жолугушууда «Карылык астениясы синдрому» боюнча Клиникалык жетекчиликтин долбоору талкууланды. Документте бул абалды эрте аныктоо, алдын алуу, бейтаптын абалын баалоо, тиешелүү адиске жөнөтүү жана медициналык-социалдык кызматтардын өз ара иштешүү тартиби каралган.

Карылык астениясы организмдин физикалык жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн төмөндөшү менен байланыштуу. Мындай абал адамды ооруларга жана башка терс факторлорго алсыз кылат. Адистер аны эрте аныктоо улгайган адамдын өз алдынчалыгын мүмкүн болушунча узак сактоого шарт түзөрүн белгилешти.

Мындан тышкары, дарыгерлерди даярдоо программаларында геронтология жана гериатрияны өнүктүрүү, активдүү узак жашоо жана улгайган адамдардын ден соолугун чыңдоо маселелери каралды.

Тегерек столдун жыйынтыгында «Карылык астениясы синдрому» боюнча Клиникалык жетекчиликтин долбоорун мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар берилди.

Иш-чараны И.К. Ахунбаев атындагы КММА жана «Карылар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмеси Кыргызстандагы БУУнун Калк фондунун техникалык колдоосу менен уюштурду.

8-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 120
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X