Кыргызстанда 70 гектар жерге эл аралык ат спорт комплекси курулушу мүмкүн
Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги ат спорт комплексин куруу сунушталды. Бул демилге Ички Монголиянын Талаа маданиятын коргоо жана өнүктүрүү фонду менен Гонконг Жокей-клубунун өкүлдөрү тарабынан сунушталып, 13-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен болгон жолугушууда талкууланды.
Долбоор болжол менен 70 гектар аянтка жайгашып, эл аралык ипподромду, машыгуу базаларын, атканаларды, ветеринардык жана селекциялык-генетикалык борборлорду, мейманкананы жана кыргыз жылкы чарбасынын тарых музейин камтыйт.
Комплекс 30 миң көрүүчүгө ылайыкташкан трибуналарды, 3 миңге чейин жылкы кармоого шарт түзгөн инфраструктураны жана 500дөн ашык орундуу мейманкананы камтышы мүмкүн.
Долбоор ишке ашса, Кыргызстанда эл аралык ат чабыштарды, асыл тукум жылкылардын көргөзмөлөрүн жана аукциондорун өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле ат спорту, жылкы чарбасы жана туризм тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берери күтүлүүдө.
Тараптар долбоорду мындан ары деталдуу иштеп чыгууга, техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого, жер тилкесин аныктоого жана инвестициялык моделин иштеп чыгууга макулдашты.