Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт

19-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 418
20-майга карата аба ырайы: Айрым аймактарда нөшөрлүү жаан жана тоолордо кар күтүлөт

20-майга караган түнү өлкөнүн бир катар аймактарында туруксуз аба ырайы сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Чүй менен Таластын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн.

Айрым аймактарда, атап айтканда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлүүдө.

Күндүз Талас жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.

Метеорологдор бийик тоолуу райондордогу жолдор тайгак болорун эскертишүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн +8…+13°, күндүз +22…+27°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн +7…+12°, күндүз +20…+25°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +12…+17°, күндүз +26…+31°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +16…+21°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн +5…+10°, күндүз +17…+22°

Ал эми Бишкек шаарында ала булут каптап турат. Жаан-чачын жаашынын ыктымалдыгы аз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13°, күндүз +23…+25° жылуу болот.

19-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 418
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X