Кыргызстанда айлык өстү
Кыргызстанда орточо айлык маяна акыркы жылдары олуттуу өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында өлкөдө орточо номиналдык эсептелген эмгек акы 51 миң 888 сомду түздү. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга көп.
Айлык маянанын өсүшү негизинен экономиканын бир катар тармактарында байкалды. Атап айтканда, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана эс алуу, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана калдыктарды кайра иштетүү тармактарында эмгек акынын жогорулашы катталган. Ошондой эле курулуш, каржы, камсыздандыруу, транспорт жана логистика тармактарында иштегендердин кирешеси да өскөн.
Бирок, орточо айлыктын 51 миң сомдон ашышы өлкөдөгү бардык жарандардын кирешеси ушундай деңгээлге жетти дегенди билдирбейт. Орточо көрсөткүчкө жогорку маяна алган адистер да, салыштырмалуу төмөн айлык алган кызматкерлер да кирет.
Кыргызстанда орточо эмгек акы акыркы беш жылда бир нече эсеге көбөйгөн. 2020-жылы орточо айлык 18 миң 940 сом болсо, 2021-жылы 19 миң 330 сомду түзгөн. 2022-жылы бул көрсөткүч 26 миң 540 сомго, 2023-жылы 31 миң 604 сомго, 2024-жылы 36 миң 47 сомго жеткен. Ал эми 2026-жылдын алгачкы беш айында орточо айлык 51 миң 888 сомду түздү. Бул өсүшкө бюджеттик тармактардагы айлык акылардын жогорулашы, айрым тармактардагы экономикалык активдүүлүктүн күчөшү жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр таасир этүүдө.
Аймактардагы айырма
Кыргызстанда айлык маяна аймактар боюнча бирдей эмес. Эң жогорку орточо эмгек акы Бишкек шаарында катталган. Борбор калаада 2026-жылдын январь–февраль айларында орточо айлык 58 миң 319 сомду түзгөн. Ысык-Көл облусунда бул көрсөткүч 50 миң 667 сом, Талас облусунда 45 миң 213 сом, Нарында 41 миң 764 сом болгон. Ошол эле учурда айрым аймактарда орточо айлык төмөн бойдон калууда. Ош облусунда 28 миң 216 сом, Баткен облусунда 31 миң 733 сом, Жалал-Абад облусунда 36 миң 930 сом деп көрсөтүлгөн. Эксперттердин айтымында, мындай айырмачылык аймактардын экономикалык мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу. Бишкекте ири компаниялар, банктар, IT тармагы, мамлекеттик мекемелер жана кызмат көрсөтүү сектору көбүрөөк өнүккөн. Ал эми аймактарда жумуш орундарынын саны жана жогорку айлык төлөнүүчү тармактардын үлүшү аз.
Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде кайсы орунда?
Айлык маяна боюнча Кыргызстан эл аралык рейтингдерде да салыштырылат. АКШдагы CEOWORLD Magazine журналынын 2025-жылдагы дүйнөлүк рейтингинде Кыргызстан 200 мамлекеттин ичинен 132-орунду ээлеген. Анда өлкөдөгү орточо таза айлык киреше айына 335 доллар деп көрсөтүлгөн.
КМШ өлкөлөрүнүн арасында Россия эң жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, 32-орунду алган. Казакстан 77-орунда, Өзбекстан 117-орунда, Кыргызстан 132-орунда, Тажикстан 138-орунда жайгашкан. Дүйнөдө эң жогорку айлык Швейцарияда катталган — 8 миң 218 доллар. Алдыңкы катарда Люксембург, АКШ, Исландия жана Норвегия да бар.
Мораторийдин максаты
Айлык маянанын өсүшү менен катар өлкөдө баалардын жогорулашы да калк үчүн негизги маселелердин бири бойдон калып келет. Негизи айлыкты жогорулатуунун негизи максаты инфляцияга туруштук берүү эмеспи. Акыркы жылдары азык-түлүк, турак жайды ижарага алуу, транспорт, коммуналдык кызматтар жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасы да өстү.
Экономисттердин пикиринде, эгер айлык инфляциядан ылдам өссө, жарандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Ал эми баалардын өсүшү айлыктагы өсүштү текке кетирсе, калктын реалдуу кирешеси анчалык өзгөрбөйт. Ошондуктан Кыргызстан үчүн негизги милдет айлык маянаны гана көбөйтүү эмес, экономиканы өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана баалардын туруктуулугун камсыз кылуу болуп, учурда бийлик тарабынан бардык аракеттер көрүлүп жатат.
Айлык маянанын өсүшү менен катар баалардын туруктуулугу да маанилүү. Андыктан, кымбатчылыктын калкка болгон басымын азайтуу максатында президент Садыр Жапаров айрым тарифтерди, жыйымдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын баасын, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Мораторий бир жылдык мөөнөткө киргизилип, анын негизги максаты жарандардын чыгымдарын көбөйтпөө жана үй-бүлөлүк бюджеттерге кошумча күч келтирбөө экени белгиленди.
Пенсиячы?..
Кыргызстанда айлык маяна менен катар пенсиялык төлөмдөр да көбөйтүлүп келет. Акыркы ири жогорулатуу 2025-жылдын 1-октябрынан тарта ишке ашырылды. Ага ылайык, камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейинки пенсиялар 10 пайызга, бирок кеминде 600 сомго көбөйтүлгөн. Ал эми пенсиясы 50 миң сомдон ашкан жарандарга кошумча 5 миң сом кошулган. Индексациядан кийин өлкө боюнча орточо пенсиянын көлөмү 11 миң 226 сомду түзгөн. Мындан мурда да пенсиялар этап-этабы менен жогорулатылып келген. Мамлекет пенсияларды жыл сайын индексациялоо механизмин колдонуп, анын өлчөмүн инфляциянын деңгээлине, орточо айлыктын өсүшүнө жана бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша карап келет.
Жазгүл Кенжетаева