Кыргызстанда акчаны адалдоого каршы күрөш күчөтүлөт
2026-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Иш-чарага аталган багытта ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин, ошондой эле учурдагы коркунучтар менен чакырыктарды эске алуу менен, кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтууга багытталган улуттук стратегиялык документтин долбоорун ыкчам иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
Өз сөзүндө Адилет Орозбеков бул багыттагы иштерди күчөтүү мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда жана эл аралык талаптарды аткарууда маанилүү орунду ээлерин баса белгиледи.
Мындан тышкары, кеңешмеде виртуалдык активдер чөйрөсүндө пайда болуп жаткан жаңы тобокелдиктерге өзгөчө көңүл бурулуп, ФАТФтын стандарттарын улуттук мыйзамдарга ыкчам жана натыйжалуу киргизүү маселеси талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга стратегиялык документти иштеп чыгууну тездетүү жана эл аралык стандарттарды ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.