Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстанда акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
ӨКМдин өрткө каршы жана куткаруу кызматынын маалыматы боюнча, Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 4, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.