Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик Инновациялык борбор ачылат — ВИДЕО

https://www.youtube.com/watch?v=LZLRgsAyeoI

Бүгүн, 27-октябрда Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик Инновациялык борбордун расмий ачылыш аземи өткөрүлөт.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Евразия патенттик ведоствосунун жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын, региондогу патенттик ведомстволордун, дипломаттар корпусунун өкүлдөрү, инновациялар жана креативдүү экономика, IT-технологиялар боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, стартапчылар жана Кыргызпатенттин өнөктөштөрү катышат.

Инновациялык борбор Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында түзүлгөн. Бул үчүн акыркы төрт жылдын ичинде китепкананын кагаз фонду санариптештирилип, пайдалануучуларга фонддогу патенттик адабияттарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Инновациялык борбордо Fablab – прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лабораториясы, Youth iLab — балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг-зона, конференц-зал, жолугушуу бөлмөлөрү, патенттик-техникалык фонд жайгашкан.

Инновациялык борбордун расмий ачылышынын алкагында, “Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновациялар экосистемасын өнүктүрүү” эл аралык форуму өткөрүлмөкчү.

Форум инновациялар экосистемасын түптөөнүн келечегин талкуулаган негизги аянтча болуп берет жана интеллектуалдык менчик жана инновациялар экосистемасы жаатындагы өкүлдөрдүн, региондогу патенттик ведомстволордун өкүлдөрүнүн жана эксперттердин сунушу менен Инновациялык борборду өнүктүрүүнүн жол картасын жана планын иштеп чыгууга шарт түзөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X