Кыргызстанда алгачкы робот-хирург көрсөтүлдү
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Кыргызстандагы алгачкы робот-хирургиялык системанын презентациясы өттү.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов роботту өзү сынап көрдү. Анын айтымында, операцияны робот эмес, хирург башкарат.
Система аспаптарды так башкарууга, кичинекей кесик аркылуу операция жасоого жана операция болгон аймакты 10–15 эсеге чейин чоңойтуп көрүүгө мүмкүндүк берет.
Медакадемияда роботтун жардамы менен операцияларды жакын арада баштоо пландалууда. Быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна да ушундай система сатып алынат.