Кыргызстанда алма импорту 6 айга токтотулушу мүмкүн
Кыргызстанда алма импорту 6 айга убактылуу токтотулушу мүмкүн. Бул демилге ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана 2026-жылдагы алма түшүмүн өз убагында өткөрүүгө шарт түзүү максатында көтөрүлдү.
Учурда тиешелүү токтомдун долбоору даярдалып жатат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, быйыл Кыргызстанда 179,4 миң тоннага жакын алма өндүрүлүшү күтүлүүдө. Республика боюнча мөмө берип жаткан алма бактарынын жалпы аянты 26,3 миң гектарды түзөт.
Министрликтин маалыматына ылайык, алма жыйноо маалында ички рынокко продукциянын көлөмү көбөйөт. Импортту убактылуу чектөө жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн түшүмүн өз убагында сатууга, продукциянын жоготууларын азайтууга жана ички рынокту ата мекендик алма менен камсыздоого багытталган.
Ошол эле учурда демилгени кароодо калкты алма менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана баанын жеткиликтүүлүгүн сактоо маселесине өзгөчө көңүл бурулат.
Алма импортуна чектөө киргизүүнүн так мөөнөтү жана шарттары токтомдун долбоору каралгандан кийин аныкталат.