Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 109

Алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин убактылуу тыюу киргизилди. Бул чечим 2026-жылы өстүрүлгөн ата мекендик алманын түшүмүн өз убагында сатууга, жергиликтүү багбандарды колдоого жана ички рынокту жөнгө салууга багытталган.

Мындан тышкары, айыл чарба тармагын реформалоонун 1000 күндүк планы иштелип чыгууда.

Президенттин Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында берилген тапшырмалардын алкагында ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыздоо, жайыттарды башкаруу жана башка багыттар боюнча иштерди жүргүзүү милдеттери белгиленди.

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 109
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X