Кыргызстанда Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм көргөзмөсү ачылды
18-августта Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде «Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм көргөзмөсү» аталышындагы эл аралык көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы өттү.
Маданий иш-чара Кыргызстан менен Кытайдын музейлер аралык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарып, эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталды. Көргөзмө Улуттук тарых музейи менен Кытайдын Тяньцзинь музейинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында уюштурулган.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, Азербайжан, Беларусь жана Россиянын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле Тяньцзинь жана Ички Монголия музейлеринин өкүлдөрү катышты.
Салтанатта видеобайланыш аркылуу Тяньцзинь музейинин директору Бай Цзюньфэн жана Ички Монголия музейинин директору Ван Шиин куттуктоо сөзүн жолдоп, музейлердин кызматташтыгы мамлекеттер аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгилешти.
Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү — экспозицияга Кыргызстандагы Улуттук тарых музейинин, Тяньцзинь музейинин жана Ички Монголия музейинин фонддорунан алынган уникалдуу тарыхый жана көркөм экспонаттардын коюлушунда.
Көргөзмө 2026-жылдын 15-ноябрына чейин уланат.