Кыргызстанда балык өндүрүшүнүн көлөмү көбөйөт. Ири долбоорлор ишке ашууда
Бүгүн, 12-августта МинКаб Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков «Салих Аква» балык чарба комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып, вертикалдуу интеграцияланган балык чарба кластеринин өнүгүшүн көрдү.
Комплекс балык тоютун өндүрүүдөн тартып, икра инкубациялоо, чабак өстүрүү, асыл тукум жана товардык балык чарбасын жүргүзүү, ошондой эле продукцияны кайра иштетүүгө чейинки толук циклди камтыйт. Ишкана жылына 5 миң тоннага чейин балык тоютун өндүрүүгө жөндөмдүү.
Учурда жылына 3 миң тоннага чейин даяр продукция чыгарган терең кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө даярдык аяктап жатат. Завод өзүнүн гана эмес, өлкөдөгү башка балык чарбаларынын продукциясын да кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, компания Курпсай суу сактагычындагы форель өстүрүүчү садок чарбасын кеңейтүүнү пландап жатат. Долбоор 2030-жылга чейин жылына 5 миң тоннага чейин продукция чыгарууга багытталган. Ал эми Сузак районунда жылына 270 тонна балык өндүрүүгө эсептелген осетр чарбасы өнүктүрүлүүдө.
Долбоорлор товардык өндүрүштү көбөйтүү, импортту алмаштыруу, кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган. Компаниянын өкүлдөрү заманбап аквакультураны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоонун маанилүү экенин белгилешти.