Кыргызстанда белгилүү офтальмолог COVID илдетинен көз жумду

6-апрель, 2021-ж. / Редакция / Кырсык 24

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, Данк төш белгисинин ээси, белгилүү офтальмолог Михаил Медведев каза болду. Дарыгер коронавирус диагнозу менен бир ай мурда ооруканага түшкөн.
Михаил Медведев 1957-жылы туулган. Ал 40 жылдан ашуун өмүрүн офтальмология тармагына арнап, Улуттук госпиталдын №2 көздүн микрохирургиясы бөлүмүн жетектеп келген.

6-апрель, 2021-ж. / Редакция / Кырсык 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X