Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131

Кыргызстанда бүгүн бир күндө 17 мектеп жана үч бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы мектептер Бишкек, Манас жана Ош шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тоң, Алай жана Айтматов райондорунда жайгашкан.

Жаңы ачылган 17 мектептин 10у Бишкек шаарында курулган.

Касымалиевдин белгилешинче, өлкөдө билим берүү мекемелерин куруу иштери акыркы жылдары кыйла ылдамдады.

«Мектептерди куруу темпи күчөп, совет мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн да ашып бара жатат», — деди ал.

6-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 131
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X