Кыргызстанда быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулады
Кыргызстанда негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Быйылкы түшүмдүүлүк өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору болууда.
Расмий маалыматка ылайык, республика боюнча дан эгиндери 467,5 миң гектар аянттан жыйналып, бул белгиленген пландын 75,6 пайызын түздү.
Орточо түшүмдүүлүк гектарына 27,6 центнерди түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2,8 центнерге өстү. Ал эми жалпы дүң түшүм 1 млн 376,6 миң тоннага жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 189,7 миң тоннага көп.
Анын ичинде буудай 237,7 миң гектардан жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 30,1 центнерди түздү. Жалпы 761,3 миң тонна буудай алынды.
Арпа 212,6 миң гектар аянттан жыйналып, түшүмдүүлүк 25,1 центнер болду. Дүң түшүм 574,5 миң тоннага жетти.
Жашылча-жемиш жана картошка жыйноо иштери да кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 30,7 миң гектардан жашылча жыйналып, жалпы түшүм 444,1 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 173 центнер болду.
Картошка 22,8 миң гектар аянттан казылып, 276,5 миң тонна түшүм алынды. Анын түшүмдүүлүгү гектарына 162 центнерди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 10 центнерге өстү.
Аймактар боюнча дан эгиндерин жыйноодо Чүй облусу алдыда. Облуста 223,1 миң гектар дан эгини жыйналып, дүң түшүм 696 миң тоннага жетти.
Ош облусунда 211,4 миң тонна, Жалал-Абад облусунда 141,6 миң тонна дан эгиндери жыйналды.
Ал эми Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында түшүм жыйноо иштери белгиленген график боюнча улантылууда.