Кыргызстанда дан эгиндеринин 31 пайызы жыйналды
Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун катышуусунда аппараттык жыйын өттү.
Жыйында өлкө аймагындагы оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары каралды.
Учурда республика боюнча дан эгиндеринин 31 пайызы жыйналып бүттү. Түшүм жыйноону белгиленген мөөнөттө аяктоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп, дыйкандарга уюштуруучулук жана техникалык жардам көрсөтүү иштери уланууда.