Кыргызстанда дата-борборлор боюнча кызматташуу талкууланды

5-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 230

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Дамирбек Бикулов маалыматтарды иштетүү борборлорун (дата-борборлорду) куруу жана эксплуатациялоо багытында иш алып барган кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда өлкөнүн санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап дата-борборлорду түзүү, ошондой эле маалыматтарды сактоо жана иштетүү тармагындагы ири инвестициялык долбоорлорду Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кытайлык компаниянын өкүлдөрү булут технологиялары, санариптик кызматтар жана жасалма интеллектке негизделген чечимдерди колдогон маалымат борборлорун долбоорлоо, куруу жана башкаруу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Дамирбек Бикулов Кыргызстан санариптик инфраструктураны модернизациялоого жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган заманбап технологияларды жана инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана келечектүү багыттарды биргелешип өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X