Кыргызстанда Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 105 социалдык объект ачылды

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72

Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча 105 социалдык-маданий багыттагы объект пайдаланууга берилди.

Алардын ичинен:

  • 34 мектеп;
  • 28 бала бакча;
  • 12 спорттук объект;
  • 9 саламаттык сактоо объектиси;
  • 9 маданият объектиси;
  • 13 башка багыттагы объект.

Президент Садыр Жапаров Талас шаарында жаңы курулган «Акылман» Президенттик лицейинин ачылыш аземине катышты.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча 101 социалдык объект пайдаланууга берилген. Быйыл бул көрсөткүч 4 объектке көбөйдү.

Жаңы социалдык объектилердин ачылышы өлкөнүн аймактарындагы инфраструктураны жакшыртууга жана жарандар үчүн шарттарды кеңейтүүгө багытталган.

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X