Кыргызстанда эмен дарактарынын 28 түрү өстүрүлөт

17-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 32

Энтомолог Таир Эсенали уулу Кыргызстанда эмен дарактарынын 28 түрү өстүрүлө тургандыгын билдирди. Ал эми Бишкек шаарында 110 миңден ашык эмен дарагы бар. Алар массалык түрдө 1958-1959-жылдары отургузула баштаган. Таир Эсенили уулунун айтымында Бишкек шаары азыркы күндө да жашыл шаарлардын катарында турат. Ал өзүнүн статусун жогото элек. “Бизде эмендин Куэркус робур (Quercus robur) сортунун эки түрү жалпы эмен дарактарынын 90 пайызын түзөт. Бүгүнкү күндө бактын жалбырактарын зыянкеч курттар жеп жатканы белгилүү. Бирок кээ бир сортторун курт жебейт. Тилекке каршы, Бишкекте ошол курт жей турган эмен багынын түрү көп санда отургузулган», — деген Эсенали уулу ММКлардын бирине берген маегинде.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X