Кыргызстанда гендердик теңчилик боюнча жаңы талаптар күчүнө кирет
Президент Садыр Жапаров эркектер менен аялдардын бирдей укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду.
Жаңы нормалар гендердик теңчиликти бекемдөөгө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана жумуш ордунда коопсуздукту камсыздоого багытталган.
Мыйзамда «гендердик зомбулук», «сексуалдык асылуу», «эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук» жана «үй-бүлөлүк милдеттери бар кызматкер» деген түшүнүктөр так аныкталды.
Эми жумуш ордундагы сексуалдык асылуу адамдын кадыр-баркын кемсинткен, жагымсыз сексуалдык мүнөздөгү аракеттер катары каралат. Бул иштеген жерде, иш сапарда, кызматтык кат алышууда, анын ичинде мессенджерлерде да болушу мүмкүн.
Мыйзамга ылайык, иш берүүчүлөр жумушка кабыл алууда талапкерлерден жеке жашоосуна байланыштуу маалыматтарды сурай албайт. Атап айтканда, балдары бар-жогу, бала төрөө планы же үй-бүлөлүк милдеттери тууралуу суроолорго тыюу салынат.
Ошондой эле бош орундарга жарыя берүүдө «эркек гана» же «аял гана керек» деген талаптарды негизсиз көрсөтүүгө болбойт.
Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда бир жыныстагы кызматкерлердин саны 70 пайыздан ашпоого тийиш. Эгер сынакта аял жана эркек талапкер бирдей жыйынтык көрсөтсө, ошол мекемеде аз өкүлчүлүк болгон жыныстагы талапкерге артыкчылык берилет.
Эгер сот гендердик басмырлоо болгонун аныктаса, иш берүүчү кызматкерди жумушка кабыл алууга же мыйзамсыз бошотулган адамды кайра ордуна коюуга милдеттүү болот. Ошондой эле келтирилген зыяндын орду толтурулат.
Мыйзам үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо багытындагы кызматкерлердин даярдыгын күчөтүүнү жана мамлекеттик органдарда гендердик теңчилик боюнча отчеттуулукту киргизүүнү да карайт.
Жарандар гендердик басмырлоо боюнча Акыйкатчыга, прокуратурага жана сотко кайрыла алышат.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.