Кыргызстанда ИДП 10,1%га өстү
2026-жылдын январь–март айларында Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясы (ИДП) алдын ала баалоо боюнча 428,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1 пайызга өскөн.
Отчеттук мезгилде өнөр жай тармагында олуттуу өсүш байкалган. Тактап айтканда, транспорт каражаттарын өндүрүү 49,5 пайызга, желим буюмдары жана курулуш материалдары 39,7 пайызга, тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки продукциясы 17,9 пайызга көбөйгөн. Ошондой эле тазаланган мунай продуктуларынын өндүрүшү 14,6 пайызга, негизги металлдар 10,5 пайызга өссө, пайдалуу кендерди казып алуу 30,4 пайызга жогорулаган.
Мындан тышкары, курулуш тармагында өсүш 29,6 пайызды түзүп, дүң жана чекене соода 12,1 пайызга, ал эми айыл чарба тармагы 2,8 пайызга көбөйгөн.
Ошол эле учурда, 2026-жылдын январь–март айларында өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу республика боюнча керектөө бааларынын жалпы өсүшү 3,3 пайызды түзгөнү белгиленди.