Кыргызстанда ишкер аялды уурдагандар кармалды

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 12

ИИМдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгы адам уурдоого шектүү жарандарды кармашкан.
Маалыматка караганда, 11-апрель күнү ички иштер органдарына адам уурдоо фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Анда 10-апрель күнү болжол менен саат 22:00дө Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө аял кишинин чала таанышы чакырып, андан кийин күч колдонуп унаага салып, уурдап кетишкени айтылган. Унаада отурган белгисиз адамдар аялды Ош—Алай жолу менен алып кетип, адам жок талаага алып барып, күч колдонобуз деп коркутушкан.
Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 170-беренеси , “Адам уурдоо” боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.
11-апрель күнү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда болжол менен саат 20:00дө, Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде Алай районунун 1983-жылы туулган жашоочусу А.Э. башкарып бара жаткан «Митсубиси» үлгүсүндөгү унаа кармалып, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делип Кара-Кулжа районунун 1978-жылы туулган жашоочусу А.С. менен Алай районунун 1982-жылы туулган тургуну П.С. кармалган. Шектүүлөр учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүүлөр мындай укукка каршы аракеттери менен тиричилик маселелерин чечип алууну көздөшкөн.
Жабырлануучу аял чет мамлекетте иштейт жана ишкерлик менен алектенет.
Учурда иликтөө уланып жатат.

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Кылмыш 12
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X