Кыргызстанда күн электр станциясын куруу долбоору илгерилөөдө

18-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Кочкор районунда кубаттуулугу 150 МВтка чейин жеткен күн электр станциясын куруу долбоору жыйынтыктоочу этапка чыкты.

Маалыматка ылайык, долбоор Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, анын алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан биргеликте илгерилетилүүдө.

Долбоор Эл аралык каржы корпорациясынын техникалык колдоосу менен ишке ашырылып, өлкөдө калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы катары бааланууда.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдин айтымында, бул демилге энергетика тармагына жеке инвестицияларды тартууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүүгө шарт түзөт.

18-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X