Кыргызстанда картошка тармагын өнүктүрүүгө жаңы кластердик долбоор сунушталды

29-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 122

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков «Картофель» кластеринин төрайымы Кайыркүл Казылаева менен жолугуп, өлкөдө картошка тармагын жаңы деңгээлге чыгаруу маселесин талкуулады.

Жолугушууда картошканы өндүрүү, сактоо, кайра иштетүү жана рынокко чыгаруу процессин бирдиктүү система менен өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоор сунушталды. Демилге тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, продукциянын сапатын жакшыртууга жана кошумча наркты көбөйтүүгө багытталган.

Эрлист Акунбеков тармакты өнүктүрүү үчүн райондук кластерлерди түзүп, аларды аймактык деңгээлде бириктирүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, мындай ыкма өндүрүштөн тартып кайра иштетүүгө жана сатууга чейинки толук чынжырды түзүп, картошканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Жолугушуунун соңунда «Картофель» кластеринин өкүлдөрү министрди 2026-жылдын 6-августунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өтө турган Кыргызстандын картошка өстүрүүчүлөрүнүн Талаа күнүнө катышууга чакырышты.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X