Кыргызстанда картошканын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин чектөө киргизүү сунушталууда
Кыргызстанда 2026-жылы 1 млн 249 миң 700 тоннага жакын картошка өндүрүлөрү күтүлүүдө. Бул көлөм өлкө калкынын жылдык керектөөсүнөн кыйла жогору.
Маалыматка ылайык, калктын картошкага болгон жылдык керектөөсү 799 миң 700 тоннага жакын. Учурда өлкөнүн картошка менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 181,9 пайызды түзөт.
Ушуга байланыштуу дыйкандарды колдоо жана ата мекендик картошканы ички рынокто сатууга шарт түзүү максатында анын импортуна 2027-жылдын 1-мартына чейин убактылуу чектөө киргизүү сунушталууда.
Долбоордо бул чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого, дыйкандар өстүргөн картошканы ички рынокто өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугун камсыз кылууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталганы белгиленген.
Өндүрүлгөн картошканын көлөмү ички керектөөдөн жогору болгондуктан, өлкөнүн рыногун ата мекендик продукция менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк бар экени айтылат.
Картошканын импортуна убактылуу чектөө киргизүү боюнча токтомдун долбоору учурда коомдук талкууга чыгарылды. Анын жүрүшүндө кызыкдар тараптардын сунуш-пикирлери эске алынат.
Токтомду кабыл алуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.