Кыргызстанда кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталат
Кыргызстандагы мамлекеттик кесиптик лицейлерге 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу 13-июлда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, документтер 13-июлдан 14-сентябрга чейин https://2020.edu.gov.kg/ электрондук платформасы аркылуу кабыл алынат.
Кесиптик лицейлерге 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү тапшыра алышат. Алар эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер боюнча билим алып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Абитуриенттер курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, айыл чарба, транспорт, коомдук тамактануу, туризм, тейлөө, жеңил өнөр жай, машина куруу жана башка багыттардагы кесиптерди жана адистиктерди тандай алышат.
Кабыл алуу тартиби, кесиптердин жана адистиктердин тизмеси, бюджеттик орундардын саны, ошондой эле кесиптик лицейлердин даректери тууралуу кеңири маалымат https://2020.edu.gov.kg/ платформасында жайгаштырылган. Мындан тышкары, маалыматты кесиптик лицейлерден жана Агартуу министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн алууга болот.
Кабыл алуу боюнча кошумча суроолор жаралса, жарандар 110 байланыш борборуна кайрыла алышат.