Кыргызстанда көчмө элчилер институту киргизилиши мүмкүн
Кыргызстанда жаңы жылдан тарта көчмө элчилер институтун киргизүү пландалууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Ачык кабинет» медиа долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, жаңы формат дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кармоого кеткен чыгымдарды азайтып, эл аралык долбоорлор боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Көчмө элчи Кыргызстанда жашап, башка мамлекетте өлкөнүн расмий өкүлү катары иш алып барат. Ал зарыл учурда чет өлкөгө барып, жолугушууларды өткөрүп, кызматташтык долбоорлорун илгерилетет.
Алгач бул механизмди Исландия сыяктуу кызматташтык мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөрдө сыноо пландалууда.