Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммдары бар экени аныкталды
Кыргызстанда коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча чет өлкөгө жиберилген анализдердин алгачкы жыйынтыктары чыкты. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө департаментинин лаборатория борборунун башчысы Айгүл Жумаканованын билдирүүсүндө, учурда коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча 12 мамлекеттик, 4 жеке менчик лаборатория иш алып барууда.
2021-жылдын январь айында, Улуу Британиядагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун лабораториясына жөнөтүлгөн 20 анализден Орусия, Швеция, Нидерланддар, Исландия жана Америкада жүрүп жаткан коронавирустун жаңы штаммдары Кыргызстанда бар экени аныкталды. Кыргызстандын лабораториялары азырынча жаңы штаммдарды аныктай албагандыктан, анализдер Британия менен Орусиянын лабораторияларына жөнөтүлүп жатат.
Айгүл Жумаканованын айтымында, февраль айында коронавирустун жаңы штаммдарын аныктоо боюнча Орусиядан келген вирусологдор менен Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте чараларды иштеп чыгып, вирусологдор анализдердин беш үлгүсүн Орусияга ала кетишкен. Ал анализдерден да биздеги жүрүп жаткан вирус мутацияга кабылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.