Кыргызстанда мал уурулукка каршы рейддер өткөрүлдү

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106

Кыргызстанда мал уурулуктун алдын алуу жана мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу максатында рейддер өткөрүлдү. Ыкчам-алдын алуу иш-чаралары Ички иштер министрлигинин 15-сентябрдагы тескемесинин негизинде өлкө аймагында уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери Ветеринардык кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте мал базарларын, касапканаларды, эт иштетүүчү цехтерди жана эт сатып-сатуу менен алектенген жайларды текшеришти.

Мындан тышкары, мал ташылган негизги жолдорго блокпосттор коюлуп, унаалар текшерүүгө алынды. Рейддерге аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдик топтор да тартылды.

Ири соода-базар комплекстеринде да текшерүүлөр жүргүзүлүп, дүңүнөн ташылып келген бодо мал жана майда жандыктардын эттерине көңүл бурулду.Возможно, это изображение животное и текст

Милициянын маалыматына караганда, иш-чаранын негизги багыттарынын бири — уурдалган малдын этин мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктоо.

Ошондой эле өлкөдө малды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы колдонулууда. Бодо малга жана жылкыга атайын биркалар менен микрочиптер орнотулуп, алардын кыймылын көзөмөлдөөгө шарт түзүлүүдө.

Бул чаралар мал уурулуктун алдын алууга жана айыл чарба жаныбарларынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган.

22-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X