Кыргызстанда мал ылаңдарына каршы жазгы эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Учурда 3–6 айлык ургаачы торпоктор бруцеллезге каршы эмделип, бодо малдан кан алынып, ушул эле оору боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле үй жаныбарларын коргоо максатында ит-мышыктар кутурмага каршы эмделип, эхинококкозго каршы дарылоо иштери башталды.
Министрликтин маалыматына ылайык, жапырт эмдөөнүн алкагында кой-эчкилер оспа жана бруцеллезге каршы, ал эми бодо малдар шарп, күйдүргү жана карасан ооруларына каршы эмделет. Бул иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, ветеринардык дары-дармек жана биокаражаттарды сатып алууга 2026-жылга республикалык бюджеттен 135 миллион сом бөлүнгөн.