Кыргызстанда мамлекеттик геомаалыматтар бирдиктүү порталга топтолот
Кыргызстанда ар кайсы мамлекеттик органдарда сакталган геомаалыматтарды бир жерге топтоп, жарандарга жана бизнес өкүлдөрүнө жеткиликтүү кылган бирдиктүү санариптик портал түзүү пландалууда.
Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Санариптик трансформация башкармалыгынын начальнигинин орун басары Алмаз Абдиев Евразиянын мейкиндиктик маалыматтар инфраструктурасы боюнча XII эл аралык конференциянын алкагында билдирди.
Анын айтымында, геомаалыматтар — мурда кагаз жүзүндө колдонулган карталардын санариптик формасы. Аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн ар кандай министрликтер менен мамлекеттик мекемелерде топтолгон маалыматтарды бир системага бириктирген санариптик инфраструктура керек.
Бир картада — бир нече маалымат
Жаңы бирдиктүү портал ишке кирсе, мамлекеттик органдар түзгөн карталардын ар кандай катмарларын бир жерден көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мисалы, учурда мамлекеттик мекемелерде сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактар, жер көчкү коркунучу бар тилкелер, көлдөр жана башка объектилер тууралуу кеңири картографиялык маалыматтар бар.
Бул маалыматтар мамлекеттик органдар үчүн гана эмес, ишкерлер жана карапайым жарандар үчүн да пайдалуу болот.
Маалымат интернет аркылуу жеткиликтүү болот
Абдиевдин белгилешинче, топтолгон картографиялык маалыматтарды интернет жана бирдиктүү портал аркылуу коомчулукка ачык көрсөтүүгө болот. Бул аймактар тууралуу маалыматты тез алууга, пландоо иштерин жакшыртууга жана чечим кабыл алууда санариптик карталарды кеңири колдонууга шарт түзөт.
Порталдын негизин топографиялык карта түзүп, ага ар кандай багыттагы тематикалык катмарлар кошулат. Натыйжада колдонуучу бир эле картадан өзүнө керектүү маалыматты тандап көрө алат.