Кыргызстанда медициналык кызматтар санариптештирилүүдө

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 234

Кыргызстанда медициналык кызматтарды кагазсыз, тез жана ыңгайлуу көрсөтүүгө багытталган иштер күч алууда. Бул багыттагы иштердин жүрүшүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жеринен текшерди.

Санариптештирүүнүн негизги максаты — жарандарды ашыкча кагаз иштеринен арылтып, медициналык кызматтарды алууну жеңилдетүү. Башкача айтканда, бир маалымкат үчүн бир нече мекеменин эшигин каккылап, документ чогултуп жүргөн учурлар азаят.

Учурда «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында бир катар медициналык документтерди электрондук форматка өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алардын арасында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн керектелүүчү 083/у маалымкаты, аскердик-медициналык комиссиянын (ВВК) документтери, балдар жана окуучулар үчүн 095/у, 026/у формалары, ошондой эле электрондук санитардык китепче бар.

Бул системанын негизги принциби  «Маалымат бир жолу берилет». Эгер жаран тууралуу керектүү маалымат мамлекеттик маалыматтык системада буга чейин эле бар болсо, аны кайрадан кагаз түрүндө чогултуп, тапшыруунун зарылдыгы жок.
Бул жерде «Sanarip Clinic» медициналык маалыматтарды түзүү жана иштетүүгө көмөк көрсөтсө, «Түндүк» системасы аркылуу жарандар санариптик мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүк алышат.

Мындай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жарандардын убактысы үнөмдөлүп, дарыгерлердин жана медициналык мекемелердин административдик жүгү да жеңилдей турганы күтүлүүдө.

Кыскасы, медицинадагы санариптештирүү — кагазды азайтуу гана эмес, жаран үчүн кызматты тезирээк, жөнөкөй жана ыңгайлуу кылууга багытталган кадам.

17-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Медицина 234
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X