Кыргызстанда мектеп графиги өзгөрөт. Каникул, сабак жана окуу жылынын жаңы мөөнөттөрү

30-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жалпы билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган жобого өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү №439 токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 26-июнунда кол койду.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, жалпы билим берүү уюмдары өзүнүн уставынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органы менен макулдашуу аркылуу окутуунун айрым формаларын уюштура алат.

Тактап айтканда, окуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү), ал эми окуучу бойго жеткен учурда өзү менен түзүлгөн келишимдин негизинде негизги жалпы билим берүү (7–9-класстар) күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) формада жүргүзүлөт. Ошондой эле орто жалпы билим берүү (10–12-класстар) сырттан окуу формасында уюштурулушу мүмкүн.

Токтомдо мектептик билим берүү үч баскыч боюнча жүргүзүлөрү белгиленген. Алар: башталгыч жалпы билим берүү – 6 жыл, негизги жалпы билим берүү – 3 жыл жана орто жалпы билим берүү – 3 жыл.

Окуучулардын окуу жүктөмү мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген максималдуу чектен ашпоого тийиш. Ошол эле учурда базистик окуу планында каралган сааттардын көлөмүнөн кем болбошу керек.

Сабактардын расписаниеси Министрлер кабинети бекиткен санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык түзүлөт. Ал эми мектептерде окуу процесси жол берилген окуу жүктөмүнө жараша беш күндүк же алты күндүк окуу жумасы менен уюштурулат.

Документке ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы сентябрь айында башталат. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияны эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы I–III баскычтар үчүн кеминде 34 жуманы түзөт. Биринчи класстарда окуу жылы 32 жума, экинчи класстарда 33 жумага созулат.

Каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылы ичинде кеминде 30 календардык күндү, жайкы эс алуу болсо кеминде 14 календардык жуманы түзөт. Мындан тышкары, биринчи класстын окуучуларына окуу жылы ичинде кошумча эки жумалык, ал эми экинчи класстын окуучуларына бир жумалык каникул берилет.

Ошондой эле сабактардын узактыгы да такталган. Биринчи жана экинчи класстарда бир сабак 40 мүнөткө созулса, үчүнчү класстан он экинчи класска чейин 45 мүнөттөн өтөт.

30-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X