Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Маалыматка караганда 2020-жылы республикага туруктуу жашоо үчүн бир миңге жакын адам келген (1,4 миң адам – 2019-ж.), ал эми 5,8 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. 2019-жылы 7,6 миң адам өлкөдөн чыккан. Мындан тышкары, 2020-жылы туруктуу жашаган жерин алмаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары башка мамлекеттин аймагына чыгып кеткен жарандардын санынын кыскарганы белгиленди. Мурдагыдай эле, мигранттар үчүн туруктуу жашаган жерин тандоо планында басымдуулук кылган мамлекеттер Россия (65,1 пайыз) жана Казакстан (28,6 пайыз) саналат.