Кыргызстанда мыйзамсыз таштанды жайын уюштургандарга 65 миң сомго чейин айып салуу сунушталууда
Кыргызстанда мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайларды уюштургандарга карата жоопкерчиликти күчөтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Долбоорго ылайык, таштанды төгүүчү жайды мыйзамсыз уюштурган жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат. Эреже бир жыл ичинде кайра бузулса, айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 20 миң, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин көбөйөт. Мындан тышкары, коомдук иштерге тартуу чарасы да каралган.
Ошондой эле туристтик жана жаратылыш аймактарына таштанды таштоо, үйүү же өрттөө үчүн жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салуу сунушталууда. Мындай мыйзам бузуу кайталанса, айып тиешелүүлүгүнө жараша 10 миң жана 23 миң сомго чейин жетет.
Ал эми унаа жолдорунун боюна таштанды ыргытуу, үйүү же өрттөө үчүн айып пулду 3 миңден 5,5 миң сомго чейин көбөйтүү демилгеленген.
Долбоордун авторлорунун айтымында, өзгөртүүлөр мыйзамсыз таштанды жайларынын пайда болушуна бөгөт коюуга жана айлана-чөйрөнү булгаган учурларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган.