Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгууга бир айлык мөөнөт берилди

3-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 148

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга кайрылуу жасап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин өлкө аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн мөөнөттө миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандар административдик жоопкерчиликке тартылбайт. Ошондой эле аларга Кыргыз Республикасынан чыгуу визасын тариздөөдө консулдук жыйым төлөө талап кылынбайт.

ИИМ белгилегендей, бул чара өлкөдөгү миграциялык абалды жөнгө салууга багытталган. Ошол эле учурда Жарлык чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандагы жүрүүсүн мыйзамдаштырууга негиз болуп эсептелбейт. Ал өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө гана укук берет.

Министрлик миграциялык мыйзамдардын талаптарын, анын ичинде өлкөдө болуу мөөнөтүн бузган чет өлкөлүк жарандарды берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, укуктук макамын өз убагында өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кетүү аркылуу жөнгө салууга чакырат.

Кошумча маалымат алуу үчүн жарандар Ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрыла алышат:

  • Бишкек шаары – 0555 115577, 0708 049244;
  • Ош шаары – 0706 178607;
  • Чүй облусу – 0700 215915;
  • Жалал-Абад облусу – 0755 323272;
  • Ысык-Көл облусу – 0700 248448;
  • Нарын облусу – 0702 889929;
  • Талас облусу – 0703 890979;
  • Баткен облусу – 0771 005808;
  • Ош облусу – 0773 076755;
  • КР ИИМдин борбордук аппараты – 0704 037188, 0502 727270.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого жана өздөрүнүн укуктук макамын өз убагында жөнгө салууга чакырды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X