Кыргызстанда «Нелегал» рейдинин алкагында 1 487 административдик протокол түзүлдү

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98

КР УКМК КР ИИМ менен биргеликте 2026-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоого жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнүн алдын алууга багытталган «Нелегал» аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөрдү.

WhatsApp Image 2026-10-20 at 11.09.59.jpeg

Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренеси боюнча жалпы суммасы 2 млн 927 миң сомду түзгөн 75 административдик протокол, ошондой эле 431-беренеси боюнча жалпы суммасы 10 млн 480 миң сомду түзгөн 1 412 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактар арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

20-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 98
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X