Кыргызстанда ӨКМдин 17 жаңы имараты салынып жатат

5-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 107

Кыргызстанда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин инфраструктурасын жаңылоо алкагында 17 жаңы бөлүмдүн имараты курулуп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №39 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Имаратта куткаруучулар үчүн окуу, эс алуу жана машыгуу бөлмөлөрү, ошондой эле атайын окуу мунарасы каралган.

Ошондой эле Ысык-Көл районунун Ананьево айылында №33 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу уланууда.

ӨКМ белгилегендей, жаңы объектилер куткаруучулардын иш шартын жакшыртып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт.

5-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X