Кыргызстанда органикалык өндүрүш 100 миң гектардан ашык жерди камтыды
Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иштер күчөтүлүүдө. 2026-жылдын 30-июнуна карата өлкөдө органикалык өндүрүшкө тартылган жерлердин жалпы аянты 101 358,21 гектарга жетти.
Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин маалыматына ылайык, анын 11 392 гектары эл аралык органикалык стандарттар боюнча иштеген 11 кооперативге тиешелүү. Алар пахта, дары чөптөр, өрүк, төө буурчак, грек жаңгагы, мисте жана башка продукцияларды өндүрүп, кайра иштетип, ички жана тышкы рынокко чыгарышууда.
Мындан тышкары, 37 аймакта PGS — катышуучулук кепилдик системасын киргизүү иштери жүрүп жатат. Бул аймактарда негизинен жашылча-жемиштер өстүрүлүп, жергиликтүү базарларга сатылууда. Аталган аймактардын жалпы аянты 85 257,04 гектарды түзөт.
Ошондой эле облустарда органикалык өндүрүш боюнча пилоттук жеке чарбалар түзүлүп, дыйкандарга PGS жана эл аралык сертификация талаптары боюнча окутуу жүргүзүлүүдө. Алардын жалпы аянты 4 709,17 гектар.
Министрлик органикалык өндүрүштү мындан ары да кеңейтип, фермерлердин билимин жогорулатуу жана кыргызстандык таза продукцияны ички жана тышкы рыноктордо жайылтуу иштерин улантат.