Кыргызстанда орточо айлык акы 49,6 миң сомду түздү
Кыргызстанда 2026-жылдын январь–апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 49 миң 600 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматы жарыяланды.
Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу номиналдык айлык акы 21,3 пайызга өскөн. Былтыр январь–апрель айларында орточо айлык акы 40 миң 776 сом болгон.
Инфляциянын деңгээли эске алынганда, реалдуу айлык акы 9,9 пайызга көбөйгөн.
Аймактар арасында эң жогорку орточо айлык акы Бишкек шаарында катталган. Борбор калаада бул көрсөткүч 62 миң 674 сомду түзгөн.
Облустар боюнча орточо айлык акы төмөнкүдөй болду:
Ысык-Көл облусу — 54 миң 52 сом;
Талас облусу — 47 миң 110 сом;
Нарын облусу — 46 миң 128 сом;
Жалал-Абад облусу — 40 миң 581 сом;
Чүй облусу — 38 миң 542 сом;
Баткен облусу — 35 миң 665 сом;
Ош облусу — 31 миң 995 сом.
Улуттук статистика комитети белгилегендей, бул көрсөткүчтөр расмий иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысын камтыйт. Расмий эмес сектордо иштегендердин кирешелери статистикага киргизилген эмес.