Кыргызстанда орточо айлык беш айда 51 миң 888 сом болду

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Экономика 167

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–май айларында орточо айлык эмгек акы 51 миң 888 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга жогорулаган.

Статкомдун маалыматы боюнча, орточо эмгек акынын эң жогорку деңгээли маданият, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, токой чарбасы жана башка айрым тармактарда катталган.

16-июль, 2026-ж. / Редакция / Экономика 167
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X