Кыргызстанда Өзбекстандын Маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды
Кыргызстанда 27–28-июль күндөрү өткөн Өзбекстан Республикасынын Маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Маданий иш-чаранын ачылышы 27-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтүп, ага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев менен Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков катышты.
Тараптар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү, маданий-гуманитардык кызматташтыгы жана элдердин достук алакалары улам бекемделип жатканын белгилешти.
Концерттик программада Өзбекстандын белгилүү өнөрпоздору – Озодбек Назарбеков, Фаррух Закиров, Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова, Зулайхо Бойхонова жана башка чыгармачыл инсандар өнөр көрсөтүштү. Ошондой эле «Навбахор» жана «Тумор» бий ансамблдери менен Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестри көрүүчүлөргө өзгөчө концерттик программа тартуулады.
Маданият күндөрү 28-июлда Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Дордой Номад» аренасында өткөн гала-концерт менен жыйынтыкталды.
Эки күнгө созулган маданий иш-чара кыргыз-өзбек маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдап, чыгармачыл байланыштарды кеңейтүүгө жана эки элдин достугун мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түздү.