Кыргызстанда президенттик шайлоонун үгүтү 23-декабрда башталат

27-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137

Кыргызстанда президенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү 2026-жылдын 23-декабрында башталып, 2027-жылдын 26-январында саат 08:00дө аяктайт. Бул тууралуу БШК шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусунда билдирди.

Үгүт иштерине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар Борбордук шайлоо комиссиясынан аккредитациядан өтүшү керек. Арыздар электрондук форматта кабыл алынат.

Аккредитациядан өтпөгөн ЖМКлар шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессин чагылдырууга укуктуу. Бирок алардын материалдарында үгүт белгилери болбошу керек.

Журналисттер шайлоо комиссияларынын жыйындарына катышып, протоколдор менен таанышып, алардын көчүрмөсүн алууга, ошондой эле фото жана видео тартууга укуктуу.

Добуш берүү күнү съемка участкалык комиссиянын төрагасы белгилеген жерден жүргүзүлөт. Мында добуш берүүнүн жашыруундугу сакталууга жана добуш берүү менен добуштарды саноо процессине кийлигишүүгө жол берилбейт.

Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.

27-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X