Кыргызстанда Республикалык электрондук мектеп түзүлөт
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда Кыргызстанда Санариптик контент борборунун алкагында бир форматтагы электрондук мектеп пайда болорун билдирди. Учурда Кыргызстандагы билим берүү материалдары, окуу куралдары, мугалимдердин өткөргөн сабактары бир платформага чогултуп, министрлик бул багытта иштөөдө. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, донорлор менен иштөө каралууда. Электрондук мектептин иш алып баруусу төмөндөгүчө болот:
Пандемияга байланыштуу кырдаал күч алса, электрондук мектеп аркылуу сабактар жүргүзүлүп турат. Экинчиси — окуу учурунда чет мамлекетке кетип жаткан мигранттардын балдары аталган мектепке которулуп, окуй алышат. Үчүнчүсү — ооруп калган балдардын сабактардан артта калбашы үчүн онлайн мектепке которулушат.
Ошондой эле, чет өлкөдө жүргөн этникалык кыргыздарга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ушул мектеп аркылуу билим алууга шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, аймактардагы айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишпей калган учурда, окуучулар ошол предметтер боюнча билимди Республикалык электрондук мектептен алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.