Кыргызстанда сел коркунучу. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 270

Кыргызстандын аймагында 2026-жылдын 9-июлунан 13-июлуна чейин абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу жаралат.

Маалыматка ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ушуга байланыштуу жарандарга этият болуу, дарыялардын жээктеринде жана сел жүрүү коркунучу бар аймактарда коопсуздук эрежелерин так сактоо сунушталат.

Тиешелүү кызматтар кырдаалга көзөмөл жүргүзүп жатат.

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 270
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X